Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери 21-июлда Чолпон-Атада жолугат

Борбор Азия аймагындагы мамлекеттердин башчыларынын толук келиши күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин консультативдик IV жолугушуусу 21-июлда Чолпон-Атада өтмөкчү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Буга чейин президенттин маалымат кызматы аталган аймактагы мамлекеттердин лидерлери иш-чарага чакырылгандыгын кабарлаган.
Бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүндө башка маселелер менен катар эле аталган коңшу мамлекеттин башчысы Шавкат Мирзиёевдин катышуусу боюнча да кеп болгон.
Мындай жолугушуу былтыр Түркмөнстанда өткөн.
Казакстанда Борбор Азия менен Россия башчыларынын саммити күтүлүүдө