Бишкекте үч маршрутканын багыты өзгөрдү. Карта

Мындай чечим шаар тургундарынын өтүнүчүнөн улам кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бишкекте үч маршрутканын каттамы бир аз өзгөргөнүн мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, кээ бир маршруткалардын каттамы жол оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу өзгөргөн.
1 / 3

Эми №106 маршрутка жаңы конуштан кичи райондорду көздөй бара жатканда Жаманбаев көчөсү аркылуу Айтматов көчөсүнө чыгат. Ал эми кичи райондордон жаңы конуштарды көздөй каттаганда мурдагыдай Айни көчөсү аркылуу өтөт.

2 / 3

№192 маршрутка буга чейин Дордой-2 жаңы конушуна чейин эле жүрсө, эми анын каттамы айланма жол, Ибраимов жана Эмгекчил көчөлөрүнө чейин узартылган.

3 / 3

№135 маршрутка оңдоо иштери аяктаганга чейин Ак-Марал, Ак-Таң, Күйүкова, Чортеков жана Жайыл баатыр көчөлөрү аркылуу өтүп турат.

Быйыл Бишкектин көчөлөрүнө 31 жол чырак орнотуу пландалууда