14-июлда Бишкектин көчөлөрү менен конуштарында жарык өчөт. График

Бригада жабдууларды оңдоп, зымдарды ташуу, бак-дарактарды бутоо жана башка жумуштарды аткарат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бейшемби күнү, 14-июлда, Бишкектин кээ бир аймактарында жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
9:00-17:00 — Эркиндик проспектисиндеги №7 үй, Московский, Раззаков, Логвиненко, Сагынбай манасчы, Исанов, Рыскулов, Абдумомунов көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, 4-кичи райондогу №29 үйдө, Көлмө конушунда (Ай-Көл, Алтын-Бешик, Жаз, Кара-Балта, Коммунаров көчөлөрү);
9:00-18:00 — Мурас-Ордо конушунда, Кара-Балта, Алтымышев, Матыев, Бронированная көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, 7, 8, 9-линияларында, Овощной, Охотский, Вологодский туюк көчөлөрүндө, Озерное (Аул, Балыкчы, Восточная, Заводская, Зеленая, Ершебулов, Молодежная, Шоссейная, Школьная, Фрунзе, Центральная, Пруд, Новая, Спутник көчөлөрү), Мраморное (Акчи көчөсү), Рассвет (Лесхоз көчөсү) айылдарында, Теңдик (Теңдик көчөсү), Салкын (Аян, Алга, Бирдик, Восточная, Западная, Иман, Кыял, Манас, Ниет, Тынчтык, Рахат көчөлөрү), Алтын-Казык, Мурас-Ордо конуштарында;
9:30-18:00 — Московский көчөсүндөгү №49, 51 үйлөр, Ибраимов көчөсүндөгү №64 үй, 7-кичи райондогу №38/1, 39-43 үйлөрдө, Белорусский көчөсүнөн Кум-Бел туюк көчөсүнө чейин, Көк-Жар конушунда (Тон көчөсүнүн Сайма-Таштан Ахунбаевге чейинки бөлүгү), ЧЧКны бойлой кеткен Лермонтов көчөсүнөн Осмонкулга чейин.
12 жыл өтүп... Бишкекте Баш прокуратуранын эски имараты бузула баштады. Видео