Айт намазда теракт жасоо планына катышкан деген дагы бир адам кармалды. Видео

Террордук топтун башка тарапташтарына карата ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бишкекте Курман айт намазы учурунда теракт жасоону пландаган эки чет элдик согушкерди тосуп алмакчы болгон Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ал "Катиба аль Таухид валь-Жихад" эл аралык террордук уюмунун активдүү колдоочусу Р.Ж. экени аныкталып, Жалал-Абад облусунан колго түшкөн.
Белгилей кетсек, чекисттер 7-июлда Сириядан келген эки согушкерди Бишкектеги Курман айт намазы учурунда теракт жасоону пландаган деген кине менен кармаган. Күч органдарынын маалыматына караганда, алар борбордук аянтка жакын жерден ижарага батир алып, аймакты изилдеп жүрүшкөн.
Колго түшкөн кыргызстандык алардын көмөкчүсү болгон деп шектелип жатат.
"Р.Ж. узак убакыт бою чыгыш мамлекеттеринин биринде жүргөн. Ал жактан Кыргызстандагы кылмыштуу ишмердүүлүгүн координациялап турган тууганы тарабынан радикалдык-экстремисттик идеологияга аралашканы аныкталды. Шектүү Сирияда атайын террористтик даярдыктан өткөн деген ыкчам маалымат бар", — деп айтылат маалыматта.
Р.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Аталган террордук топтун башка тарапташтарына карата ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Кыргызстандыктарды АКШ, Европага жөнөтөм деп алдап кеткен жаран кармалды