Рекорд — 41 жыл. Беш жылдан ашык иштеген директорлордун аймактар боюнча саны

Мөөнөтү бүткөн директорлор кайра кызмат ордуна дайындалууну кааласа конкурска катышууга укуктуу.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстанда эң узак отурган мектеп директору 41 жыл иштеген. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов маалымат жыйында билдирди.
Ал ар бир директор канча иштегени тууралуу маалымат бар экенин, бирок азырынча коомчулукка ачык жарыялоо туура эмес болорун айтты.
Беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлорунун аймактар боюнча саны төмөнкүдөй:
Ош облусу — 254;
Жалал-Абад облусу — 198;
Чүй облусу — 153;
Баткен облусу — 104;
Ысык-Көл облусу — 78;
Бишкек шаары — 71;
Нарын облусу — 41;
Талас облусу — 41;
Ош шаары — 26;
Жалпы саны 966.
Ал эми мөөнөтү жете элек 1211 директор квалификациясын жогорулатуу үчүн курстан өтө турганын белгиледи. Анда мектепти заманбап технологиялар менен башкаруу, каржылоо, IT-компетенциясы, критикалык ой жүгүртүү, психология боюнча окуудан өтүшөт. Конкурстан өткөн директорлор дагы билимин тереңдетүү үчүн кошумча окутулат.
Мектеп директорлорун жарлык менен иштен алуу мыйзамдуубу? Юристтин жообу