Байдендин Сауд Арабияга сапары ага ыңгайсыздык тартуулайт

Америка президенти сапар учурунда Эр-Рияддан нефть суроо ниетинде экенин жазып жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Fox News телеканалынын алып баруучусу Сьюарт Варни Америка президенти Жозеф Байдендин Сауд Арабияга сапарынан өзү ыңгайсыз абалда кайтат деп билдирген.
Алып баруучу мурдараак G7 саммитинде Франция президенти Эммануэль Макрон Байденге Бириккен Араб Эмирлиги жана Сауд Арабия мунай казууну арбытышы күмөн экендигин айтканын эске салган.
Ал белгилегендей, Америка лидери сапар учурунда Эр-Рияддан нефть суроо ниетинде, бирок ал ишке ашпашы мүмкүн. Варни бул үчүн Сауд Арабияга ОПЕК+ берген макулдук керек болорун, себеби ал жакка Россия киргенин эске салды.
"Президент бул сапардан кийин көп нефть алат деп ойлобойм. Бирок ал үчүн ири эле конфуз болот, себеби саудиялыктардан казуу көлөмүн көбөйтүүнү төшөлүп сурайт", — деген ал.
Варнинин баамында, АКШдагы көйгөйлөр "Байден бийликке келген алгачкы күндөн тарта эле" пайда болгон, ал кезде жаңы президент "Американын энергетикалык көз карандысыздыгына" доо кетирген.
"Бул биринчи орунда турган катачылык болуп калды, ошондон тарта (балээнин) баары башталды", — деп сөзүн жыйынтыктаган алып баруучу.
Байден 13-16-июлда жакынкы чыгышка жасаган биринчи турненин алкагында Израилге, Иордан дарыясынын батыш жээгине жана Сауд Арабияга барат.
Анын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Салливан Ак үйдөгү брифингинде бул тууралуу кеп кылган. АКШ президенти Жакынкы Чыгышка Россиянын Украинадагы атайын операциясынан улам аймакка энергетикалык коопсуздук тармагында жардам берүүнү талкуулоо үчүн барарын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Global Times: Украина айланып келип АКШга сокку урууда