Баткенде дарыяга агып кеткен 10 жаштагы баланын сөөгү табылды

Тестиер кечээтен бери изделип жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Баткенде Исфайрам дарыясына агып кеткен 10 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, тестиер кечээтен бери изделип жаткан.
"12-июль күнү саат 20:40та Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Кереге-Таш айылында Исфайрам дарыясына 10 жаштагы баланын агып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруу иштерине ӨКМдин 12 кызматкери тартылып, жергиликтүү эл менен биргеликте издеп, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтогон", — деп айтылат маалыматта.
Баланы издөө иштери бүгүн саат 07:30да кайрадан улантылып, ага Кадамжай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 14, тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан жети куткаруучу жана Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнөн 18 кызматкер, 38 жергиликтүү тургун тартылып, баланын сөөгүн табышкан.
Жети-Өгүздө 14 жана 19 жаштагы эки бала сууга чөгүп көз жумду. Сүрөт