БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Министрлер кабинети жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча чечим кабыл алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, ички иштер министри Улан Ниязбеков 2017-2021-жылдар аралыгында Кыргызстанда расмий 32 369 жол кырсыгы катталганын айтып, анда 4 006 адам каза болуп, 49 639 адам ар кандай жаракат алганын маалымдаган.
"Айдоочулардын күнөөсүнөн 28 142 жол кырсыгы катталды. Бул жалпы көрсөткүчтүн 86,9 пайызын түзөт. Кырсыктан каза болгондордун дээрлик 70 пайызы эмгекке жарамдуу курактагы (25-40 жаш) адамдар. Айрыкча балдар арасында жаракат алгандар көп. Балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын жалпы саны 7 541 учурду (23,1 пайыз) түзөт. Жөө адамдар арасында да жабыркагандар жана каза болгондор да көп. Кырдаалды өзгөртүү үчүн ылдамдыктан ашкан же каршы тилке менен озуп өтүп эреже бузгандарга жана жол кырсыгына себепкер болгон айрым эрежелерди бузгандыгы үчүн айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү жаатында өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда", — деди министр.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул чечим жол кырсыктарынын санын кескин кыскартууга таасирин тийгизиши керектигин белгилеген.