БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бишкекте 12 жаштагы Арууке Өмүрова изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
10-июль күнү кыздын энеси милицияга кайрылган. Анын айтымында, ошол күнү кечки саат 20:00дө Арууке Салиева көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр. Үстүнө көк көйнөк жана кара кроссовки кийип жүргөн.
Кыздын жүргөн жерин билгендер (0557) 11-94-10, (0701) 28-28-09, (0702) 49-88-88 же 102 номерине кабарлай алышат.