Көз жоосун алган чырайлуу стюардессалардын сүрөттөрү

12-июлда жарандык авиациянын борт коштоочусунун дүйнөлүк күнү белгиленди. Sputnik агенттигинен стюардессалардын көз талдырган сүрөттөрүн көрүңүз.
Sputnik
Борт коштоочу кесиби 1928-жылы Германияда пайда болгон. Анда коопсуздук максатында учкучтарды башка тапшырмалардан бошотуу чечими кабыл алынган. Эки жылдан кийин бул адистик жалаң эркектер үчүн гана болбой калган. Авиаташууларга кыздарды дагы чакыра башташкан. Алардын эркектерге караганда жеңил салмакта болгону дагы ошол кездеги авиация үчүн чоң артыкчылык эле.
1 / 14

Spice Jet авиакомпаниясынын стюардессалары сүрөткө түшүү үчүн бет каптарын чечип жатат

2 / 14

All Nippon Airways авиакомпаниясынын борт коштоочусу

3 / 14

Silk Air авиакомпаниясынын стюардессалары Сингапурдагы аэропортто

4 / 14

"Аэрофлот" кызматкерлери жаңы типтеги Airbus A321/320neo учактарынын презентациясында

5 / 14

Taiwan's China Airlines авиакомпаниясынын борт коштоочулары куткаруучу жилеттерди көрсөтүп жатат

6 / 14

Aegean Airlines авиакомпаниясынын стюардессалары Афинадагы маалымат жыйындан кийин

7 / 14

Малайзиялык Air Asia авиакомпаниясынын кызматкерлери

8 / 14

И. Айвазовский атындагы аэропортто (Симферополь) эс алып жаткан борт коштоочулар

9 / 14

Cebu Pacific авиакомпаниясынын кызматкерлери коопсуздук боюнча мастер-класс учурунда

10 / 14

Vietnam Airlines компаниясынын стюардессасы кезектеги рейстен кийин аба кемесинен чыгып келе жатат

11 / 14

Борт коштоочу Ирактагы аэропорттордун биринде учактын үлгүсүнүн жанында сүрөткө түшүп жатат

12 / 14

Ethiopian Airlines компаниясынын стюардессасы Boeing 787 Dreamliner учагынын бортунда. Домодедово аэропорту

13 / 14

Fly Emirates авиакомпаниясынын экипажынын мүчөлөрү футбол оюну башталар алдында

14 / 14

Alaska Airline авиакомпаниясынын борт коштоочуларынын жаңы формасынын презентациясы учурунда

Тема боюнча:
Ок жеп көз жумган япон премьеринен Бишкектеги айт намазга чейин. Апта ирмеми