Уролог ысыкта сууну аз ичүүнүн кесепетин айтып берди

Медик ысыкта сууну адаттагыдан бир аз көбүрөөк ичүүнү сунуштап, бирок бул баарына тиешелүү эмес экенин эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Жайдын аптабында сууну аз ичүү күн өтүп калуу тобокелчилигин жогорулатып, бөйрөк ооруларынын өрчүшүнө алып келиши ыктымал. Бул тууралуу уролог-андролог Владимир Степановдун айтымына таянып "Известия" басылмасы жазды.
"Жайында адам ысып, көп тердейт. Мындай учурда сууну көп ичпесе, күн өтүп кетиши ыктымал. Ошондой эле адам тердеген учурда заара көп чыкпай калат. Бул кийин бөйрөк ооруларына алып келиши ыктымал. Ошол себептен организмди жетиштүү көлөмдө суу менен толтуруп турган оң", — деген уролог.
Степанов ысыкта сууну адаттагыдан бир аз көбүрөөк ичүүнү сунуштап, бирок бул кан басымы жогору адамдарга тиешелүү эмес экенин эскерткен. Аларга суунун көлөмүн жеке дарыгери жазып берет.
Жашоодо циститке ар бир аял кабылат. Эмнелерди билүү керек