Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Башкы прокуратура Викрам Рузахуновдун иши боюнча материалды Казакстанга жөнөтөт

Экспертизада музыканттын ден соолугуна оор залака келтирилгени аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясы музыкант Викрам Рузахуновдун кыйноого кабылышы боюнча ишти тергеп бүттү. Бул тууралуу Рузахунов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Музыкант милиция аларды кылмыш иш боюнча материалдар менен тааныштырганын айткан.
"Экспертизада менин ден соолугума оор залака келтирилгени аныкталган. Топтолгон материалдар күнөөлүү тараптарды аныктап жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан Казакстандын компетенттүү органдарына өткөрүлүп берилет", — деди Рузахунов.
Кыргызстандык музыканттын кармалышы
Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы 9-январда митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялаган. Ал белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, самолётко билетин алып берип батирге жайгаштырганын билдирген.
Көп өтпөй Кыргызстандын ИИМи аталган жаран музыкант Викрам Рузахунов экенин аныктап, анын Алматыга концерт койгону барганын маалымдаган.
Ошол эле учурда кыргызстандыктар музыкантты террорчу катары көрсөткөнүнө нааразы болуп, аны бошотуу талабы менен Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыккан. Алар менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жолугуп, мекендештин укугу корголорун убадалаган.
Кийинчерээк ТИМ Рузахуновду бошотуу талабы менен Казакстанга нота тапшырган.
Андан кийин Казакстандын мамлекеттик телеканалдары Рузахуновго байланышкан видеолорун өчүргөн.
Ал арада Юстиция министрлиги кыргыз жаранынын кыйноого кабылганын болжоп, Казакстандын күч түзүмдөрүнө кылмыш ишин козгоону Башкы прокуратурага демилгелеген.
Музыкант Викрам Рузахуновду кыйноо фактысы боюнча тергөө токтотулду