Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина Жаңы Каховкага америкалык ракета менен сокку уруп, жай тургундар жабыркады

Курман болгондордун арасында гумжардам кампасынын жанында нөөмөттө турган майып өспүрүм бар. Ондогон адам жаракат алып, шаардын жүздөгөн тургуну үй-жайсыз калды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Украиналык аскерлер Херсон облусундагы Жаңы Каховка шаарына америкалык жогорку тактыктагы HIMARS ракетасы (жапырт ок чыгарган реактивдүү система) менен сокку уруп, акыркы маалымат боюнча жети киши каза болду. Бул тууралуу РИА Новостиге аймактын администрация башчысынын орун басары Кирилл Стремоусов билдирди.
Анын кесепетинен селитра сакталган кампа жарылып, оорукана менен турак жайлар жабыркаган.
РИА Новости жарыялаган алгачкы кадрлардан гуманитардык жардам борборунун кампаларынын талкаланганын, ошол жакка азык-түлүк ташыган жүк ташуучу транспорттордун токтоп калганын жана өрттөн улам түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот.
Жаңы Каховканын аскердик-жарандык администрациясынын жетекчиси Владимир Леонтьев украиналык соккуну жай тургундарга каршы жасалган кылмыш экенин билдирди. Курман болгондордун арасында гумжардам кампасынын жанында нөөмөттө турган майып өспүрүм бар. Ондогон адам жаракат алып, шаардын жүздөгөн тургуну үй-жайсыз калды.
Россиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский Жаңы Каховкага жасалган соккуну сындап, бул көрүнүш Вашингтондун Киевге курал жеткирип жатышынын кесепети экенин белгиледи. Ал эми БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлү Фархан Хак окуяга комментарий берген жок. Бирок уюм жарандык инфраструктураны талкалаган аскердик аракеттерге каршы экенин белгиледи.
"Бул маселе боюнча комментарий жок. Бирок биз жарандык имараттарды талкалаган бардык аскердик аракеттерге каршыбыз", — деди Хак.
Пентагон дагы америкалык HIMARS ракетасынын жай тургундардын аймагында колдонулушу боюнча маалыматка комментарий берген жок. Алар суроону украиналык аскерлерге берүү керектигин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: айына 20 миң аскерин жоготкон Украина армияга ылгабай чакырта баштады