Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украин армиясынын Запорожьеге чабуул жасоо аракети таш капты

Украин аскерлери катуу жооп кайтарылгандан кийин артка качууга аргасыз болушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Украин армиясы Запорожье облусуна чабуул жасоого аракет кылып, бирок мизи кайтарылды. Бул тууралуу РИА Новостиге региондун администрациясынын аскердик-жарандык башкы кеңешинин мүчөсү Владимир Рогов билдирди.
"Соңку убакта украин армиясы Запорожье багытында активдешүүдө. Теракт, диверсия жана артиллериялык аткылоодон сырткары Запорожье облусуна чабуул жасоо аракети таш капты. Аларга биздин позицияларга мүмкүн болушунча көбүрөөк сокку уруу тапшырмасы берилген, бирок мизи кайтарылып, артка качууга аргасыз болушту", — деди Рогов.
Анын айтымында, Запорожье облусундагы административдик борбор азырынча украин армиясынын көзөмөлүндө калууда, бирок анын бошотуларынан эч кандай шек жок.
"Запорожье боштондукту күтүп жатат, бирок өз позициясын ачык айтуудан коркушат. Себеби алар дароо эле улутчулдардын терроруна кабылышат", — деди Рогов.
Атайын операциянын алкагында Россиянын аскерлери Украинанын түштүгүндөгү Херсон облусун жана Запорожье облусунун Азов бөлүгүн көзөмөлгө алышты. Региондо аскердик-жарандык администрация түзүлүп, рубль жүгүртүүгө киргизилди, россиялык телеканал жана радиостанциялар бериле баштады. Регион РФтин субъекти болуу планын жарыялаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украин аскерлери чегинип бара жатканда таштап кеткен аскер техникалары. Видео