БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн комплекстүү системасын түзүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, министрлер кабинетине 31-августка чейин санариптик жашыл транзиттик коридорлор аркылуу өткөрүү режимин ишке ашыруучу пунктулардын тизмесин түзүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле өткөрүү режимин камсыз кылуучу адистештирилген техникалык каражаттар менен жабдууга карата талаптарды аныктоо милдети коюлду.
Натыйжада 15-сентябрга чейин Кыргызстандын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө эл аралык мультимодалдык, автомобилдик жана темир жол ташууларынын санариптик жашыл транзиттик коридорлорун камсыз кылуу системасы киргизилет.
Тийиштүү мамлекеттик органдарга бул системанын комплекстүү программасын иштеп чыгып, эки айлык мөөнөттө бекитүү милдеттендирилди.
Буга Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Бажы кызматы, Чек ара кызматы жооптуу болот.