Шаршембиге карата аба ырайы

13-июлга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми Талас менен Нарында жамгыр жаабайт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Шаршемби күнү күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүнүн көпчүлүк аймактарында, Таластын кээ бир жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Таласта +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +21...+26 градус болот.
Ошто түнкүсүн, Бишкекте кечке маал, ал эми Чолпон-Атада күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30...+32, Ош калаасында +32...+34, ал эми Чолпон Атада +21...+23 градуска жетери болжолдонду.
Күн дагы катуу ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы