Путиндин келерки жумада Иранга барары айтылды

Сапар учурунда кандай маселелер талкууланары азырынча так айтылган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Иран Россия президенти Владимир Путинди келерки жумада сапар менен келерин күтүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости Mehr агенттигине шилтеме кылып кабарлаган.
"Россия президенти Владимир Путин келерки жумада Иранга барат", — деп айтылган маалыматта.
Сапар учурунда кандай маселелер талкууланары так айтылган эмес.
Иран демекчи, кечээ Өзбекстан ТИМи Иран быйыл Шанхай кызматташтык уюмуна кабыл алынарын, бул боюнча чечимге аталган уюмдун Самарканд шаарындагы саммити учурунда кол коюларын кабарлаган.
Жогорку деңгээлдеги жолугушуу болот: Путин Эрдоган менен сүйлөштү