Оштогу №5 тергөө изолятору оңдоло баштады. Сүрөт

Биринчи кезекте имараттагы ички канализация жаңыланып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ош шаарындагы №5 тергөө изолятору оңдоло баштады. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы маалымдады.
1 / 3

Ош шаарындагы №5 тергөө изолятору оңдоло баштады

2 / 3

Билдирмеге караганда, биринчи кезекте ички канализация жаңыланууда

3 / 3

Учурда оңдоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды

Билдирмеге караганда, биринчи кезекте ички канализация жаңыланууда.
"Мекеме эскилиги жеткен, советтик мезгилден калган чоюн түтүктөр менен жабдылган. Көп жылдан бери үзгүлтүксүз иштегендиктен, системанын айрым жерлеринде түтүктөр чирип кеткен. Саркынды акырындап дубалга сиңе баштаган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда оңдоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Бишкекте №1 төрөт үйү бир айга жабылды