Кыргызстандыктар Камчаткага илимий экспедицияга чакырылды. Чоо-жайы

География, геология, зоология, ботаника, гидробиология, экология, экологиялык менеджмент, туруктуу өнүгүү жаатындагы адистер керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызстандыктарды "Камчатка: Түштүк батыш оттуу шакекче" деп аталган изилдөө иштерин жүргүзүүчү долбоорго катышууга чакырды. Бул тууралуу Бишкектеги “Русский дом” билдирген.
Орус географиялык коомунун жарыясы “Жаңы коом” долбоорунун алкагында, Россотрудничество агенттигинин колдоосунда өтүп жатат. Экспедиция 15-августтан 4-сентябрга чейин Камчатка аймагында болмокчу. Ага катышууну каалагандар арызын 15-июлга чейин берсе болот.
"Экспедицияга катышууга Кыргызстандан курагы 25-35 жаштын арасындагы география, геология, зоология, ботаника, гидробиология, экология, экологиялык менеджмент, туруктуу өнүгүү жаатындагы адистер чакырылат", — деп айткан “Русский домдун” кеңсесинен.
Тандоодон өткөн талапкерлер Камчатка жарым аралындагы жердин жана анын акваториясында комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзүп, баалуу жаратылыштын аймактарын табууга салымын кошо алары айтылган. Андан сырткары өзгөчө коргоого алынчу жаратылыш жерлерин аныктоого, экологиялык туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн иштерди жасагандардын катарында болорун билдирген.
Тандап алуу шарттары, керек болчу документтер, экспедицияга катышууга кандай арыз керектиги тууралуу шилтеме менен кирип, толук таанышсаңыз болот.
Арктика музунун бир бөлүгү эрип кетти. Планетанын экосистемасы эми кандай болот