Радио

Асанов: өлкөдө 400гө жакын дарынын таңкыстыгы бар

Фармацевтикалык союздун төрагасы Эрнис Асанов өлкөдө дары-дармек таңкыстыгын алдын алууга бардык мүмкүнчүлүк бар экенин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда каттоодон өткөн 6 миңден ашык дарынын түрү бар. Учурда 300-400гө жакын дарынын таңкыстыгы бар. Бул тууралуу Эрнис Асанов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылдын 23-мартында кабыл алынган өкмөттүн калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө №178 токтому максатына жетти.
"2020-жылдын 23-мартында кабыл алынган өкмөттүн № 178 "Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому көп көйгөйлөрдү алдын алып, дары-дармек жетишсиздигин жойду. Кыргызстанда каттоодон өткөн 6 миңден ашык дарынын түрү бар. Учурда 300-400гө жакын дарынын таңкыстыгы бар. Өлкөгө каттоосуз алып келинчү дары-дармектердин тизмесин кеңейтүү чечими туура. Бул токтом аркылуу Түркиядан, Индиядан, Кытайдан жана кээ бир Европа мамлекеттеринен препараттарды алып келүүнү пландап жатабыз. Калктын суроо-талабын толугу менен камсыз кылып, дары-дармек таңкыстыгы жаралбай тургандай абалга жетсек болот", — деди Асанов.
Ошондой эле адис Кыргызстанда дары-дармектин баасы пандемия учурундагы абалга салыштырмалуу 20 пайызга арзандаганын кошумчалады.