Дүйнө калкынын саны качан 8 миллиардга жетери белгилүү болду

Эл аралык уюм адамзаттын саны качан 10,4 миллиарддан ашарын болжолдуу түрдө эсептеп чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Жер планетасынын жашоочулары ноябрга карата 8 миллиард адамга жетет. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаменти билдирген.
Бул маалыматты РИА Новости Telegram-каналы аркылуу таратты.
Анткен менен өсүү темпи жайлап бара жатканы да айтылган.

"2020-жылы өсүү темпи 1950-жылдан бери биринчи ирет бир пайызга азайды. Ошентип, БУУнун маалыматына караганда, дүйнөнүн калкы 2030-жылга карата болжол менен 8,5 миллиардга көбөйүшү мүмкүн. Ал эми 2050-жылы 9,7 миллиард, ал эми 2100-жылы 10,4 миллиард адамга чыгат", — деп айтылган маалыматта.

БУУ Кыргызстан калкынын саны качан 10 миллионго жетерин эсептеп чыкты