Бишкектеги Айт намазда теракт жасамак болгон эки чет элдик кармалды. Видео

Согушкерлер борбордук аянтка жакын жерден ижарага батир алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкекте Курман айт намазы учурунда теракт жасоону пландаган эки чет элдик кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, согушкерлердин Кыргызстандагы тапшырмаларынын бири 9-июлда Айт намазда террордук акт жасоого даярдануу болуп, алар борбордук аянтка жакын жерден ижарага батир алып, чалгындоо иштерин жүргүзүшкөн.
"Эл аралык террордук уюмга тиешеси бар эки чет элдик жаран Сириядан жасалма паспорт менен келген. Аларга жардам көрсөткөн Кыргызстандын бир нече жараны дагы колго түштү. Тергөө учурунда бул адамдардын Сириядагы согуштук аймакта бүлүнтүү жана террордук даярдыктан өткөндүгү боюнча айныгыс далилдер алынган. Кармалгандардын биринде колго жасалган жардыргыч затты жасоо боюнча нускама болгон", — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Кармалгандар УКМК тергөө абагына киргизилген.
УКМК: Стамбулдагы резонанстуу терактыга тиешеси бар жаран Бишкектен кармалды