Стоматолог жөн гана ооруган тишти дарылап же тиш салып койбой, кайрылган бейтаптын тиш жана анын илдеттери тууралуу билимин жогорулатууга салым кошушу керек. Мындай пикирин Нургазы Каримов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бейтап канчалык ооруп жаткан тиши тууралуу көбүрөөк маалыматка ээ болсо, ошончолук сапаттуу жана туура дарылоого далалаттанат.
"Тиш кадыресе эле бир бүтүн орган. Ар бир тиш бири-биринен айырмаланып турат жана ар түрдүү илдеттерге кабылышы мүмкүн. Биз кайрылган бейтаптын тишин жөн гана дарылап койбой, ошол тиштин өзү жана ал кабылган дарт тууралуу болушунча көбүрөөк маалымат беришибиз керек. Башкача айтканда, коомдун тиш оорулары тууралуу билимин өркүндөтүүгө салым кошушубуз зарыл. Азыр бул дарыгерлер үчүн кыйынга деле турбайт. Түрдүү аппараттар бар. Керек болсо алардын жардамы менен бейтап тишин дарылоо процессин 3D форматында көрүп жата алат. Стоматологдор ар бир кайрылган адамга кенен маалымат жеткирип, ушул жагына көбүрөөк көңүл бурса, коомчулук дагы тишин дарылатууда сапатты талап кылып калат. Бул өз кезегинде улуттун ден соолугуна оң таасирин тийгизет", — деди Каримов.
Ал бир эле Кыргызстанда эмес, жалпы дүйнө жүзүндө коомчулуктун тиш оорулары боюнча билимин жогорулатуу маселеси көтөрүлүп келерин кошумчалады.