7 млн. сом зыян келтирген. "Ак-Кеме" мейманканасынын экс-жетекчиси кармалды

Жетекчилик чет элдик студенттерге бөлмөлөрдүн баасын мыйзамсыз төмөндөтүп берген деп айыпталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Мамлекетке караштуу "Ак-Кеме" мейманканасынын кызмат адамдары бюджетке жети миллион сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Мейманкананын жетекчилиги кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштерди жасаганы айтылды. Алар атайылап 2021-жылдын декабрынан 2022-жылдын апрелине чейин чет элдик студенттерге бөлмөлөрдүн баасын мыйзамсыз төмөндөтүп берген деп айыпталууда.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө "Ак-Кеме" мейманканасынын мурдагы жетекчиси Т.Б. кармалып, УКМК тергөө абагына киргизилген.
Учурда мейманкананын ишмердүүлүгүнө кошумча текшерүү дайындалып, кылмышка тиешеси бар адамдардын тобун аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
"Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева кармалды