Радио

Карачалов: күн катуу ысыганда жумуш күнү кыскартылат деген норма жок

Курулуш жана курулуш өнөр жай материалдары профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы Элдияр Карачалов Эмгек кодексинде жумуш берүүчү кызматкерге иштөө шартын түзүп берүүгө милдеттендирилерин айтты.
Sputnik
Күндүн табы өтө жогору чекке жеткенде жумуш убактысы кыскартылсын деген эреже жок, бирок муну жамааттык келишимге киргизип алса болот. Ал үчүн иш берүүчү менен жумушчулар бирдиктүү чечимге келиши зарыл. Бул тууралуу Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жамааттык келишимге кирген бардык нормалар мыйзам ченемдүү болуп эсептелери Эмгек кодексинин 82-беренесинде көрсөтүлгөн.
"Эмгек кодексинде күндүн табы +40тан жогору болгондо жумуш берүүчү иш саатын кыскартканга милдеттүү деп жазылган эмес. Бирок эгерде иш ордунда кондиционер жок болсо, күндүн табы +28,5тен ашса бир саатка, +30 градуска жеткенде эки саатка, андан жогору болуп кетсе төрт саатка чейин кыскартуу боюнча дүйнөлүк практикада колдонулуп жүргөн сунуш бар. Муну жеке компания болсо жетекчиси өзүнүн буйругу менен эле, ал эми мамлекеттик ишкана болсо профсоюздарга кайрылып, жамааттык келишимге киргизип алса болот. Бул нерседен эки тарап тең утулбайт. Анткени күн ысыкта адамдын ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Саатын кыскартуу менен жумуш берүүчү иштин сапатын арттыра алат", — деди Карачалов.
Ал Эмгек кодексинин 210-беренесинде жумуш берүүчү кызматкерлерге иштөө шартын түзүп берүүгө милдеттендирилерин кошумчалады.