"Ысык-Көл" аэропортунун аймагында жүк ташуу терминалы ачылат

"Манас" аэропортунун жаңы жетекчиси "Ысык-Көл" жана "Каракол" эл аралык аэропортторунун иши менен таанышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Жакын арада "Ысык-Көл" аэропортунун аймагында жүк ташуу терминалы ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, "Манас" аэропортунун жаңы жетекчиси Манас Самидинов Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, "Ысык-Көл" жана "Каракол" эл аралык аэропортторунун иши менен таанышкан.
"Манас" аэропортунун жаңы жетекчиси Манас Самидинов
"Башкы директор жакынкы убакытта "Ысык-Көл" аэропортунун жабдуулары жаңыртылып, анын аймагында жүк ташуу терминалы ачыларын белгиледи", — деп жазылат маалыматта.
Самидинов "Каракол" аэропортундагы курулуш иштеринин жүрүшүн да көргөн. Эске салсак, азыр аталган аба майданында жаңы аэробекет курулуп жатат. Аны 2023-жылдын аягында ишке берүү пландалууда.
"Манас" жана "Ош" аэропорттору инвесторго берилбей турган болду