Психолог ачуулануу кайсы маалда пайдалуу экенин айтып берди

Адис адам ачуулануунун эң жогорку чегине — аффект абалга жеткенде жүрүм-турумуна жооп бере албай каларын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ачуулануу сезими тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине психолог Бейшен Жумабеков айтып берди.
Ал ачуулануу адамдагы негизги сезимдердин бири экенин белгиледи.
"Ачуу келүүнүн төрт-беш тепкичи бар. Кыжырдануу, жини келүү, ачуулануу, каардануу, аффект. Аффект абалында мээ такыр өчүп, адам эмне кылганын билбей калат. Экинчи жагынан ачуулануу бизге күч берет, шык берет. Ошондуктан муну агрессия же зордук-зомбулук үчүн эмес, бир нерсеге жетүү үчүн колдонуу керек", — деди психолог.
Адис буга чейин адамдагы кызгануу сезими жана ал кайсы учурда пайда болорун айтып берген.
Таарынуу чоңдорго мүнөздүү сезим эмес. Психолог Бейшен Жумабековдун видеосу