Ок жеп көз жумган япон премьеринен Бишкектеги айт намазга чейин. Апта ирмеми

Узаган аптада Япониянын экс-премьери Синдзо Абэ кол салуудан көз жумду. Улуу Британия премьери Борис Жонсон отставкага кетти, Иллинойс штатында парад учурунда атылган ок алты кишинин өмүрүн алды. Sputnik өткөн жуманы сереп салган сүрөт баянды тартуулайт.
Sputnik
1 / 16

4-июлда Schiaparelli мода үйүндө модельерлер эмгектерин көрсөттү. Анда быйылкы күз-кыш жана 2023-жылдагы жай-жаздын тренддери коомчулукка тартууланды

2 / 16

Италиядагы Мармолада тоосунда кар көчүп, кеминде алты кишинин өмүрүн алып кетсе, сегизи жарадар болгон. Бул кырдаал Альпынын Доломоти деп аталган аймагындагы тоолордун чокусунда күн рекорддук көрсөткүчкө жетип, 10 градус жылыгандан кийин жаралды. Сүрөттө кишилерди издеп жүргөн тик учактагы куткаруучулар

3 / 16

Скопье, Түндүк Македония, 5-июль, 2022-жыл. Аталган аймакта Евробиримдик темасынан улам элдин нааразылыгы чыккан. Жумуртка менен таш жарандардын негизги куралы болууда

4 / 16

Цирк артисти көчөдө эл алдына чыгар алдында коопсуздук кызматы үчүн курулган жайдын жанында буттарын чоюп жатат. Бухарест, Румыния

5 / 16

Бишкектеги Курман айт башталар алдында намазга чогулган эл. Милициянын маалыматына караганда, эски аянтка 10 миңге чукул мусулман келди. 2022-жыл, 9-июль

6 / 16

Президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев да намазга жыгылды

7 / 16

Улуу Британия премьер-министри Борис Жонсон отставкага кетерин билдирди. Буга анын бир топ саясий чатактарга кабылганы себеп болду. Анткен менен Жонсон билдирүүсүндө жогорудагы кызматында жаңы жетекчилер келмейин иштеп турарын белгилеген. Аталган процедуранын бул жумада болору айтылды

8 / 16

Улуттук кийимчен беларусиялык кыз-келиндер Березина суусуна гүлчамбарларды ыргытып жатат. Бул жайдын эң кыска түнүнө арналган байыркы майрам

9 / 16

Бишкекте "Ысык-Көл досторун чогултат" эл аралык этнокарнавалы башталды. Ири маданий иш-чарага 500дөн ашуун балдар катышууда. Ага Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келишти. Балдар алгач Өчпөс отко барып гүл коюшту.

10 / 16

Пакистандык Мохаммад Хасан Нарехо Симба аттуу улагынын узун кулактарын көрсөтүп жатат. Бул дүйнөдө рекорд коюшу мүмкүн. Карачи, 6-июль, 2022-жыл

11 / 16

Ушул кылмышкердин колунан (эки колу менен таянып жерде жаткан адам) Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ көз жумду. Ямато Сайдайдзи ок чыгаргандан кийин кармалган. Нара префектурасы, 8-июль, 2022-жыл

12 / 16

Активисттер аборт укугун коргоп акцияга чыкты. Лос-Анжелес, Калифорния штаты

13 / 16

Аскерлер машыгуудан кийин ырдап жатышат. Ачех провинциясы, Индонезия

14 / 16

Тартип сакчылары АКШнын көз карандысыздыгына арналган парад учурунда ок атуу болгон жерден жергиликтүү үй-бүлөнү коштоп алып чыгып бара жатат. Бул окуяда алты киши көз жумуп, 19 адам жаракат алган. Хайленд-Парк, Иллинойс штаты. 4-июль, 2022-жыл

15 / 16

Шри-Ланкадагы толкундоого катышкан фермерлерди полиция суу менен атып кууп жатат. Коломбо шаары

16 / 16

Сиднейде суу ташкындап, миңдеген австралиялыктарды эвакуациялоо зарылдыгы жаралды. Эл Хоксбери дарыясындагы эски Виндзор көпүрөсүнүн жанында турат. 6-июль, 2022-жыл