Көлдүн Жуукусунда көчкөн мөңгү. ӨКМ кошумча маалымат берди

Көчкөн мөңгүнүн болжолдуу көлөмү 2 миллион 11 миң 500 куб метрди түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жууку ашуусунда көчкөн мөңгүнүн кесепетинен мал айдап өтө турган көпүрө жараксыз болуп калган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 8-июль күнү Жууку капчыгайында (Караколдон 70 чакырым алыстыкта) мөңгү көчкөн. Окуяны ошол жакта жүргөн Улуу Британия жана АКШдан келген туристтер (10 кишиден турган топ) камерага түшүрүп калышкан. Бир кыз бутунан жаракат алып, дарылануу үчүн Бишкекке жөнөтүлгөн. Дагы бир кыз аттан кулап денеси көгөргөн. Калгандары жабыркаган эмес.
ӨКМдин маалыматы боюнча, көчкөн мөңгүнүн болжолдуу көлөмү 2 миллион 11 миң 500 куб метрди түзөт. Көпүрө жараксыз абалга келгени менен аталган тилкеден мал айдап өтүүгө жол ачык экени кошумчаланды.
"Аманбыз!" Көлдүн Жуукусунда көчкөн мөңгүдөн аман калгандардын видеосу