Кыргызстанда кесиптик орто окуу жайларга кабыл алуу 12-июлда башталат

Окуу жайларга кабыл алуу 2020.edu.gov.kg бирдиктүү порталы аркылуу онлайн жүргүзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кыргызстанда кесиптик орто окуу жайларына тандоо жана кабыл алуу 12-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, кесиптик орто окуу жайларга кабыл алуу үч турдан турат. Ал 12-июлда башталып, 19-августка чейин созулат. Окуу жайларга кабыл алуу 2020.edu.gov.kg бирдиктүү порталы аркылуу онлайн жүргүзүлөт.
Кесиптик орто окуу жайларга тапшыруунун тартиби менен толук Билим берүү министрлигинин сайтынан тааныша аласыздар.
Алдыңкы үч орун Бишкекте. ЖРТдан эң көп балл алган 57 бүтүрүүчүнүн тизмеси