Казакстанда Борбор Азия менен Россия башчыларынын саммити күтүлүүдө

Анткен менен сүйлөшүү учурунда саммиттин качан өтөрү так айтылган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Нур-Султан шаарында Борбор Азия өлкөлөрү менен Россиянын жетекчилеринин саммити күтүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМи билдирди.
Кыргызстан менен Россия ТИМжетекчилери Жээнбек Кулубаев жана Сергей Лавров телефондон сүйлөшкөн. Алар аймактык кооптуулукка, "Борбор Азия + Россия" диалогунун рамкасындагы өз ара кызматташуу маселелерине көңүл буруп, мамлекет башчылардын Нур-Султанда өтө саммити боюнча кеп кылышкан.
Кененирээк маалымат азырынча жок. Саммиттин датасы такайтылган эмес.
Кыргызстанда 21-июль күнү Борбор Азия өлкө башчыларынын жолугушуусу өтөт