Иран ШКУга кабыл алынат, Беларусь да кирүү ниетин билдирүүдө

Шанхай кызматташтык уюмунун саммити Өзбекстанда күзүндө өтөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Иран быйыл Шанхай кызматташтык уюмуна кабыл алынат. Бул боюнча чечимге аталган уюмдун Самарканд шаарындагы саммити учурунда кол коюлат. Мындай кабарды "Sputnik Ближнее зарубежье" Telegram-каналы Өзбекстан ТИМине шилтеме кылып таратты.
Саммит 15-16-сентябрда Өзбекстанда өтмөкчү.
Беларусь дагы бул уюмга кирүүгө арыз берген. ШКУга кабыл алуу процедурасы аталган саммитте башталарын Беларустун ТИМ башчысы Владимир Норов билдирген.
Шанхай кызматташтык уюмуна учурда Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө.
Евразия экономикалык форуму
ШКУнун башкы катчысы уюмдун ЕАЭБ менен кызматташуу келечегине токтолду