Илимдер академиясы эми ЖОЖдор менен эриш-аркак иш алып бармакчы

Кен казып иш алып барган компаниялар кирешесинин бир пайызын илим жана билим тармагына жумшамакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Эми Улуттук илимдер академиясы жогорку окуу жайлар менен интеграцияланып, илимий изилдөө иш-чараларын жүргүзөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлады.
Маалыматта ЖОЖдордо илимий изилдөө жүргүзүүгө өзгөчө басым жасалары айтылган.
Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңешинин кезектеги отуруму өткөн. Аталган министрликтен жолугушууда илим тармагын реформалоо, өлкөдөгү илимий изилдөөлөрдүн санын жогорулатып, сапатына басым жасоого багытталган конкреттүү чечимдер кабыл алынганын билдирди.
Жыйынтыгында:
Кыргызстандагы беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилет;
Кыргыз экономикалык университетине (КЭУ) "илимий изилдөө университети" макамы ыйгарылат;
Эми Улуттук илимдер академиясы жогорку окуу жайлар менен интеграцияланып, илимий изилдөө иш-чараларын жүргүзөт, тагыраагы, ЖОЖдордо илимий изилдөөнү жүргүзүүгө өзгөчө басым жасалмакчы.
"Мындан ары илим тармагын бир гана Билим берүү жана илим министрлиги жөндөйт", — деп айтылат маалыматта.
Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров жолугушуунун жыйынтыгында конкреттүү тапшырмаларды коюп, кечиктирилгис чаралар көрүлүүсү керектигин белгилеген. Ага ылайык, эми ар бир министрлик өздөрүнө тиешелүү профилдик институттарга бюджетинин эки пайызын, ал эми жер казынасын пайдалануу жаатында иш алып барган компаниялар кирешесинин бир пайызын илим жана билим тармагына жумшамакчы.
50 абитуриент гранттык орунга мыйзамсыз кабыл алынган. УКМК иликтөөдө