Өлкөдө экспортчулардын маалыматтык базасы түзүлүп жатат. Артыкчылыктары

Бул маалыматтар чет элдик компаниялар менен байланышты жакындатуу максатында чогултулат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Улуттук инвестициялар агенттиги ата мекендик компанияларды жыл сайын жаңылануучу экспортчулардын маалыматтык базасына катталууга чакырды.
Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү суроолорго жооп берип, каттоодон өткөн экспортчу жана өндүрүшчү компаниялар агенттиктин расмий сайтына жарыяланат. Ал Кыргызстандын продукцияларын алууга жана өнөктөш болууга кызыккан чет өлкөлүк ишканаларга ылайыкташкан. Ошондой эле бул маалыматтарды Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү дагы өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүдө колдонот.
Ата мекендик ишкананын товар экспортун илгерилетүүчү сурамжылоону толтурууга 10 мүнөттөй убакыт кетет. Сүрөт материалдарын (логотип, продукция) жүктөө үчүн bp_kuba.z@mail.ru почтасына жөнөтүп, байланыш номерлерин кошуп жазуу шарт.
Кошумча маалымат алуу үчүн +996 709 328037 номерине байланышса болот.
Радио
Баясов: үчүнчү ирет чет өлкөлүк түз инвестициянын көлөмү 1 млрд. доллардан ашты