БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Донецк Эл Республикасынын башчысы Денис Пушилин 27-июлду Донбасс согушунун курмандыгына айланган балдарды эскерүү күнү деп жарыялап, тиешелүү жарлыкка кол койду.
Жарлык расмий чыккандан тарта күчүнө кирет.
ДЭР акыйкатчысынын сайтында Киев бийлигинин агрессиясынан аталган республикада 116 бала көз жумганы жазылган.