Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин телефондон сүйлөштү

Алар өкмөт башчылардын боло турчу жыйынынын алдында ЕАЭБдеги интеграциялык өз ара алакалардын тереңдеши боюнча да кеп кылышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия өкмөтүнүн жетекчиси Михаил Мишустин менен телефондон сүйлөштү.
Россия өкмөтүнөн тараптардын соода-экономикалык, энергетика, айыл чарба жана бир катар тармактардагы эки жактын кызматташуу маселелерин талкуулагандыгын кабарлады. Алар ЕАЭБ алкагында өкмөт башчылардын боло турчу отурумунун алдында интеграциялык уюмдагы өз ара алакалардын тереңдеши боюнча да кеп болгон.
Эске салсак, августтун соңунда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын жетекчилиги менен отурум болмокчу.
Казакстанда Борбор Азия менен Россия башчыларынын саммити күтүлүүдө