АКШ: Кыргызстан аркылуу Россияга санкцияга кабылган товарлар кириши мүмкүн

Тизмеге Кытай, Индия, Казакстан, Тажикстан, ошондой эле Түштүк Америка менен Африка мамлекеттери да кирген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. АКШнын Финансы министрлиги санкциялык тизмеге кирген товарларды Россия жана Беларуска кайсы мамлекеттер аркылуу жөнөтсө болорун боолголоп, тизмеге Кыргызстанды да кошкон. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылган.
Тизмеден "өткөрүү пункту" катары Кыргызстан менен кошо Грузия, Армения, Бразилия, Кытай, Индия, Израиль, Казакстан, Мексика, Никарагуа, Сербия, Сингапур, Түштүк Африка, Тайвань, Тажикстан, Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги жана Өзбекстан мамлекеттерин көрүүгө болот.
Министрликтин сунушунда көзөмөлгө алынган товарлардын кайсы бир бөлүгү даяр товар өндүрүлө турган сырьё катары экспорттолору белгиленет. Бирок даяр продукцияны кошумча "өткөрүү пунктулары" аркылуу Россия менен Беларуска жөнөтүүгө тыюу салынат.
Кайсы товар тууралуу сөз болуп жатканы ачыкталган эмес. Бирок Өнөр жай жана коопсуздук бюросу аскердик максатта колдонула турган техника өзгөчө кооптонууну жаратарын белгилөөдө. Мында кеп учактын бөлүктөрү, гидроакустикалык система, антенналар, спектрофотометрлер, сыноочу жабдуулар, GPS системалары жана башкалар тууралуу болууда.
Washington Post: АКШ Россиянын Жакынкы Чыгыштагы кадамына түйшөлүп...