Суусамырда унаа оодарылып айдоочу менен кайненеси мүрт кетти, 3 баласы ооруканада

Айдоочунун 14, 11 жана үч жаштагы балдары Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасына жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 171-чакырымында Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа аласалып эки адам каза болду. Маалыматты Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тастыктады.
Бишкек — Ош унаа жолунун 171-чакырымында Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа аласалып эки адам каза болду
Билдирүүгө ылайык, түштүктөн түндүктү көздөй келе жаткан автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун карама-каршы тилкесине чыгып оодарылып кеткен. Окуя 8-июль күнү болжол менен саат 16:45те катталган.
Кырсыктын кесепетинен 39 жаштагы айдоочу жана анын 58 жаштагы кайненеси мүрт кеткен. Ал эми 14, 11 жана үч жаштагы балдары жаракат алып Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасына жеткирилген.
Төө-Ашуудагы тоннелде автоунаа өрттөндү. Кырсыктын чоо-жайы