Радио

Таштакеев: шахмат мектеп программасына киргизилиши керек

Бишкек шаардык мэриясына караштуу шахмат боюнча балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Съездбек Таштакеев шахматты мектеп программасына киргизүүгө аракет кылуу керектигин айтты.
Sputnik
Шахмат окуу предмети катары билим берүү системасына кошулса акыл оюнунун өлкөдөгү орду эбегейсиз жогорулап, эл аралык деңгээлде жыйынтык көрсөтүүгө мүмкүн болот. Бул тууралуу Съездбек Таштакеев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда шахматты үйрөтө турган машыктыруучулардын санын көбөйтүүнүн үстүндө иштөө зарыл.
"Кыргызстанда шахматка кызыккандардын саны кескин өстү. Ата-энелер балдарынын келечегин ойлоп, интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө шарт түзүп, шахмат ийримдерине берип жатышат. Шахмат өлкөдө кеңири жайылган спорттун түрүнө айланып калды. Мындан тышкары, шахматты мектеп программасына киргизүүгө аракет көрүлсө жакшы болор эле. Окуу предмети катары билим берүү системасына кошулса акыл оюнунун өлкөдөгү орду эбегейсиз жогорулап, эл аралык деңгээлде жыйынтык көрсөтүүгө мүмкүн болот. Азырынча ар бир мектепте окуучулар үчүн шахмат ийримдери көбөйсө, бара-бара сабак катары окутулууга мүмкүн болмок. Ал үчүн шахматты үйрөтө турган машыктыруучулардын санын көбөйтүүнүн үстүндө иштөө зарыл", — деди Таштакеев.
Ошондой эле адис ата-энелер балдарын шахмат мектептерине, курстарга алып барып, интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө шарт түзүп жатканын кошумчалады.