Кызгануу сезими качан күчөйт? Психолог Жумабековдун видеосу

Адис кызгануу оору эмес, сезимдердин бири экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Адамдагы кызгануу сезими жана ал кайсы учурда пайда болорун Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине психолог Бейшен Жумабеков айтып берди.
"Кызгануу деген дагы сезим. Бул деген жөн эле жиндилик (оору) эмес. Кызгануу адам өзүн жоготкондо келет. Өзү менен байланыш үзүлүп, өзүн ойлобой, башка адамды ойлоп баштаганда келет. Ал сезим өзүңдү ойло деп жатканы. "Жалгыз келдиң, жалгыз кетесиң" деген жакшы сөз бар. Жоготуу ар бир адамдын башында бар. Ата-энебиз да кетет, балдарыбыз да кетет...", — деди адис.
Психолог адам жашоодо өзүнөн башка кишини өйдө койбошу керектигин белгиледи.
Таарынуу чоңдорго мүнөздүү сезим эмес. Психолог Бейшен Жумабековдун видеосу