Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу ЕАЭБдин приоритеттүү долбооруна кирди

Мясникович жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүктөгү бутагы болуп каларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бишкектин демилгеси менен Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоору ЕАЭБдин приоритеттүү интеграциялык долбооруна кирди. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) төрагасы Михаил Мясникович Өзбекстанга боло турчу сапарынын алдында “Народное слово” гезитине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү аймактарды байланыштырган жана калктын туруктуу мобилдүүлүгүн камсыздаган транзиттик, логистикалык потенциалын ишке ашырууга ыктайт.
“Региондун ичиндеги ар бир өлкөнүн өзүнчө өзгөчөлүктөрү бар экени түшүнүктүү. Жаңы транспорттук коридор түзүү сунушу ЕАЭБдин максат жана милдеттери, белгиленген стратегиялык документтери менен дал келет. Эки тараптуу кыймыл жана өз ара кызыкчылыктар тууралуу айтууга болот”, — деди ЕЭК.
Ошондой эле ал жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүктөгү бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгышка жол ачарын белгиледи.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун алдын ала каттамы белгилүү болду