Радио

Теолог: Кудайды таанытпай туруп кыйнап сүйдүрүү мүмкүн эмес

Теолог Элмурат Кочкор уулу аалымдарды, молдолорду, диний лидерлерди идеалдаштыруу коомдун дин таануусунда ача пикирлерди жаратып келерин айтты.
Sputnik
Коомго дин таанытууда дароо эле Кудайды сүйүшүң керек, тигил же бул аракетиң күнөө деп коркутуу туура эмес. Негизи эле сүйүү, сыйлоо, урматтоо мажбурлоо аркылуу ишке ашпайт. Ал адамдын жан дүйнөсүндө өзү пайда болушу керек. Мындай пикирин Элмурат Кочкор уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, адам Кудайды таанууда же дин тууралуу маалымат алууда өзүнүн ойлонуу, чечим чыгаруу жөндөмдүүлүгүн жоготуп албашы керек.
"Кудай абсолюттук деңгээлдеги кынтыксыз зат дегенге мен да кошулам. Бирок аны таанытуу коркутуу, үркүтүү, кыйнап сүйдүрүү жолу менен ишке ашпашы керек. Бизде, тилекке каршы, көбүнесе адамга алгач ой жүгүртүү мүмкүнчүлүгүн бербей эле "Кудайды сүйүш керек", "Кудайдан коркуш керек" деген тариздеги басым менен маалымат таратышат. Муну угуп жаткан адам керек болсо өзүнчө отуруп Кудай тууралуу ойлонгондон да коркуп калат. Ар бир адам диний лидерлерден алган маалыматын өз акыл-парасатына салып ойлонуп, түшүнбөгөн жери болсо сурап, талкуулап, ошону айтып жаткан диний лидердин тигил же бул пикири менен макул болбой коюуга укуктуу. Адамга акыл ошол үчүн берилген. Кудай сени жумушка алып жаткан жетекчи эмес. Ал сенин кошоматыңа муктаж эмес. Башкысы, коомчулук дин тууралуу маалымат таратып жаткан лидердин деле жөнөкөй адам экенин, ал дагы адашып калышы мүмкүндүгүн эстен чыгарбашы керек", — деди Кочкор уулу.
Теолог Кудайды туура таануу үчүн билим алуу, изденүү, ар кайсы булактардан маалымат алуу зарылдыгын кошумчалады.