Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Германия Украинага миллиарддаган каражатты ЕБден бөлдүртпөй жатат

Кезектеги жардам пакети боюнча чечим июнь айынын соңунда ЕБдин саммитинде кабыл алынган. Бирок Германиянын финансы министри буга каршы чыгууда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Германия Украинага Европа биримдигинен жардам катары тогуз миллиард евронун бөлүп берилишин создуктуруп жатат. Буга алардын каржылоо булагы боюнча ЕК менен болгон каршы пикири себеп болууда. Бул тууралуу италиялык Corriere della Serra гезити кабарлады.
ЖМКнын жазганына караганда, кезектеги жардам пакети боюнча чечим июнь айынын соңунда ЕБдин саммитинде кабыл алынган. Бирок Германиянын финансы министри Кристиан Линднер Киевди европалык жалпы карыздын эсебинен каржылоого каршы чыккан. Учурда ал Киевге июлдун соңунда которула турган миллиарддык траншка гана макулдугун берди.
“Ал эми Киев аларга ай сайын беш миллиард доллар керектигин жар салды. Украина 900 миллион евролук тышкы карызын сентябрь айында жабууда дефолт жарыялашы мүмкүн”, - деп айтылат макалада.
Макаланын автору Берлиндин мындай кадамы Киев бийлигин ызалантып жатканын белгилеген. Мындан тышкары, Украина Германия “Түндүк агым” менен газ жеткирүүнү калыбына келтирүү үчүн антироссиялык санкцияларды бузгусу келип жатат деп шек саноодо.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова буга чейин белгилегендей, Украина Батыш мамлекеттеринен улам кредит ала берип алардын колониясына айланып калды. Мисалы, мамлекеттик төңкөрүш болгондон бери (2014-жылдын февралынан 2021-жылдын декабрына чейин) Киев бийлигине 70,5 миллиард доллар бөлүнгөн, ал эми 2022-жылдын февралынан майына чейин каржылоо көлөмү 15 миллиард доллардан ашты. Захарова Украина Батыштын капиталына сатылып жатканын билдирген.
Daily Mail: Британияда миллиондогон киши жакырчылыкка кептелет