Бостериде улгайган адамдар үчүн атайын шарттары менен эс алуу жайы ачылды

Бул карылар үчүн медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кыйла кеңейтет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда улгайган жарандар үчүн алгачкы геронтологиялык кабинет ачылды. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Ал Бостери айылындагы "Кыргызское взморье" санаторийинде жайгашкан.
Маалыматка ылайык, геронтологиялык кабинеттин негизги артыкчылыгы улгайган адамдардын абалын гериатриялык баалоо, тагыраак айтканда, көп тармактуу диагностикадан өткөрүү.
"Кабинеттин адистери бейтаптын ден соолугун, эс тутумун, эмоционалдык абалын кароодон өткөрүп, тамактануу маселелери боюнча кеңеш беришет. Бул улгайган адамдар үчүн медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кыйла кеңейтет", — деп айтылат маалыматта.
Геронтологиялык кабинет мамлекеттик социалдык заказ программасынын алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосу менен "Бабушка Эдопшн" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан ачылды.
Ноокатта вирусологиялык лаборатория ачылды