Бийлик Бишкекке трамвай жүрүүчү жол куруу үчүн инвестор чакырууда

Компаниянын Исхак Раззаков атындагы аэропортту модернизациялоого кызыкдар болуп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Түркиялык инвесторлор Бишкекке заманбап трамвай жүрүүчү линия курууга кызыкдар. Бул туурасында президенттин алдындагы Инвестициялар боюнча агенттик билдирди.
Ведомство директору Равшанбек Сабиров 5-июлда Yapı Merkezi İnşaat ve Sanayi A.Ş. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушкан.
"Түркиялык инвесторлор Бишкекке трамвай системасын курууга жана Лейлек районундагы Исхак Раззаков атындагы аэропортту модернизациялоого кызыкдарлыгын билдирди. Аталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргеликте иш алып баруу макулдашылды", — деп айтылат маалыматта.
Инвестициялар агенттигинин маалыматы боюнча, Yapı Merkezi İnşaat ve Sanayi A.Ş. 1965-жылы негизделген. Компания 30дан ашуун өлкөдө долбоорлорду жүзөгө ашырган, ал транспорт, инфраструктура, курулуш жана башка тармактарда иштейт.
Мэрия Бишкекке монорельс куруу долбоорун даярдап, болжолдуу маршрутун сунуштады