Уюм турнирдеги эң кызыктуу учурларды бир видеого топтоду.
Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко америкалык атаандашы Кортни Кейсини жеңип алды.
Кеченин башкы беттешинде мурда Кыргызстандын атынан чыккан Рафаэль Физиев бразилиялык атаандашы Рафаэл дус Анжусту техникалык нокаут менен уткан.
Негизги беттештердин биринде бразилиялык Кайо Борральо армениялык белгилүү мушкер Армен Петросянды калыстардын чечими менен жеңди.
Жалпы турнирде 12 беттеш көрсөтүлдү.