Радио

Темиркулов: бак-дарак тигип тышкы карыздан кутулса болот

Президенттик администрациянын мониторинг жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов бак-дарак отургузуу аркылуу экономикалык пайда тапса болорун белгиледи.
Sputnik
Көмүртекти кайра иштетип, кычкылтекти ири компанияларга сатса болот. Бул тууралуу Азамат Темиркулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда бул мүмкүнчүлүктү колдонуу үчүн бардык шарттар бар.
"Бак-дарак отургузуунун пайдалуу жактары көп. Ал экологиялык пайдадан тышкары экономиканы жакшыртууга шарт түзөт. Алсак, токойдон жыгач, отун, дары-дармек, бал, мөмө-жемишти алууга болот. Биз жылына 151 миллион долларга жыгач продукциясын импорт кылабыз. Бул валютанын сыртка агылуусун шарттоодо. Мындан тышкары, багбанчылыкты өнүктүрүү зарыл. Анткени өлкөдө иштетилбеген жерлер көп, анын баарына мөмөлүү бактарды отургузсак, келечектүү долбоор болот. Дүйнөдө көмүртекти кайра иштетүү рыногу түзүлүүдө. Бак-дарак көмүртекти иштетип, кычкылтекти атмосферага чыгарат. Муну соодалап айрым өлкөлөр тышкы карызынан кутулууда. Анткени өндүрүшү күчтүү өлкөлөрдө токойлорду өстүрүүгө жерлери тартыш. Алар өндүрүшү атмосфераны булгаганы үчүн ири салык төлөшөт. Эгер алар бак-дарактарды отургузса, салыгы азаят, бирок ал үчүн жер тартыш. Ошондуктан алар өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү бак-дарактардын көмүртекти кайра иштеткени үчүн акча төлөп беришет. Мына ошол багытта иш жүргүзүүгө аракеттер көрүлүүдө", — деди Темиркулов
Ошондой эле ал бак-дарактар өлкөнүн экологиясын жакшырта турганын кошумчалады.