Жашылча жана мөмө-жемиштердин курамында химикаттардын нормадан жогору же ылдый экенин бир ай бою текшеребиз. Текшерүүлөр талаа боюндагы убактылуу базарларда жана соода түйүндөрүндө жүрөт. Бул тууралуу Ашырбай Жусупов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстандан, Казакстандан алып келинген жашылча-жемиштер да текшерилүүдө.
"Текшерүү учурунда сатууда эмне турса баарын карайбыз. Мөмө-жемиш болобу, жашылча-жемиш болобу, бардыгы нитрат жана башка химикаттардын нормадан көп эместиги боюнча кароодон өтөт. Бул — жыл сайын бир ай бою республика боюнча өткөрүлүүчү иш-чара. Азыр бир жуманын жыйынтыгы менен айтканда зыяндуу заттар бардык эле жерлерде нормадан аз болууда. Демек, бул жашылча-жемиштерди коркпой эле жаш балдарга чейин бере берсек болот. Ал эми мөмө-жемиштер негизи эле көп жылдык болгондуктан курамында химикаттар дээрлик кездешпейт", — деди Жусупов.
Ал соңку жылдары дыйкандар аң-сезимдүүлүк менен жашылча-жемиш өстүрүп, химикаттарды 5-6 жыл мурдагыдай көп колдонбой калганын кошумчалады.