Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинада теги кыргызстандык дагы бир жоокер каза болду

Буга чейин дагы беш жоокердин көз жумганы маалым.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Украинада Кыргызстанда туулган дагы бир жоокер — Мирлан Тохтакунов (РФ жараны) баатырларча курман болду. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.
Маалыматта анын Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн катарында келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөнү айтылды.
Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Тохтакунов аскердик тапшырма аткаруу учурунда көз жумганын билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Украинадагы атайын операция учурунда буга чейин теги кыргызстандык аскерлер: Эгемберди Дорбоев, Рустам Зарифулин, Исламжон Камилов, Сыргакбек Өзүбеков, Адилет Алиев каза таап, сөөгү мекенинде жерге берилген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада көз жумган Исламжондун атасы: уулумдун сөөгүн күтүү абдан оор болду