БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни аткан киши алгач башка бирөөгө, диний уюмдун лидерине кол салууга ниет кылган. Бул туурасында РИА Новости Киодо агенттигине шилтеме кылып жазды.
Ал уюмдун жана анын лидеринин ысымы ачык айтылган жок.
NHK телеканалынын маалыматына караганда, 40 жаштагы Тэцуя Ямагами ушундай ыкма менен өлтүрүлгөн саясатчы кирген уюмга каршы чыгууга аракет кылгандыгын билдирген. Маалыматта алар Ямагаминин үй-бүлөсүнүн финансылык абалынын начарлап, жакырланып кетишине себепкер деп түшүндүргөнү айтылган.
Япон ЖМКлары Ямагами 2005-жылга чейин үч жыл өлкөнүн Аскердик-деңиз күч түзүмүндө кызмат кылганын, андан соң эмне иш менен алектенип келгени белгисиз экендигин жазышты.
Синдзо Абэ адам колдуу болгон кайгылуу окуя 8-июлда саат 11 чендерде Нара шаарында болду. Көчөдө сүйлөп жатканда анын артынан атылган ок өмүрүн алып кетти. Саясатчы экинчи ок атылганда жерге кулаган. Артынан атылган ок Абэнин мойнуна тийгени айтылган. Эс-учун билбей жыгылган саясатчы тик учак менен ооруканага жеткирилип, абалы өтө оор деп бааланган. Синдзо Абэ түштөн кийин көз жумган.
Синдзо Абэ Япониянын өкмөтүн эки ирет жетектеген. Тагыраагы, 2006-2007-жылдары жана андан кийин 2012-2020-жылдары премьер-министрлик кызматты аркалаган.
Ал Либералдык-демократиялык партиядан баш-аягы тогуз жолу Эл өкүлдөр палатасына депутат болгон жана аталган партияны жетектеп келген.